Азыркы кезде сейсмологияда жер титирөөнү алдынала билүү боюнча көптөгөн ийкемдүү аспаптар пайдаланылып жатат. Аларды өтө так, сезгич деп кароого да толук негиз бар. Атайын аспаптар менен жер шарынын бир четинен экинчи четинде болуп өткөн жарылуунун толкундарын дароо кагаз бетине жазып алуунун өзү эле оңой эмес. Бирок, ушул сыяктуу жетишкендикке карабастан, азыркы кезге чейин жер титирөө кырсыгын алдынала так, анык, айтып берүү мүмкүнчүлүгү али толук жетише элек.
Мына ошондуктан, мындай учурда кантсе да жаныбарлардын жардамына таянууга туура келип отурат.
Жаныбарларда миллиондогон жылдар эволюциялык өнүгүшүнүн татаал жолдорунда өз жанын сактап калуунун көптөгөн инстинкттери иштелип чыккан. Бул алардын кандай убактарда кандай кырсык башталарын, андай коркунучтардан кантип сактануунун жолун тубаса сезимдер аркылуу сезүүлөрү пайда болгон. Бирок, ал тубаса сезимдер алардын ар биринде ар башкача абалдарда кездешет. Муну биз ушул жер титирөөгө байланышкан фактылар менен көрсөтүп өткүбүз келет.
Чычкандар жер титирөөнүн алдында кыймыларакетин кескин өзгөртөт. Жер силкинүүгө 3—4 саат калганда келемиш, сокур, момолой жана жөнөкөй чычкандар ийиндеринен сыртка чыгып, тынчсыздануу менен арыбери чуркашып, кээ бирлери тиштешип, адамдардан да, иттерден да коркпой калышат. Мындай көрүнүштү суурлардан да байкоого болот. Ийинде жашоочу мындай жандыктарга негизинен жер титирөө болоор алдында, очоктон туш тарапты көздөй таркалуучу акустикалык сигналдардын таасир этери аныкталган.
Эксперимент боюнча алганда жер титирөө болоор алдында акустикалык сигналдар ийинде тынч жатышкан жаныбарларды дүүлүүктүрүп, тынчсыздандырып, жана мээ органдарында метаболикалык процесстерди өзгөртөт. Мындай болуу аларды ийинден чыга качууга же ачык жерлерге барып, кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Бул көрүнүш айрыкча жер силкинүү кырсыгынын эпицентрине дал келүүчү аймактарда таасын байкалат.
Айрым далилдөөлөргө караганда жыландар да жер титирөөнүн болоорун бир айга жакын же андан көбүрөөк мурда сезе тургандыгы аныкталды. Булардын себеби
эмнеде? Жер титирөөнүн очогуна туура келүүчү жерлерде топурактын температурасы жогорулап, ага кошумча күкүрттүү газдар бөлүнүп чыга баштайт. Бул болсо жыланкескелдириктерге, майда курткумурскаларга коркунуч туудурат. Титирөө башталаардан мурда эпицентр аянтында пайда болчу топурактагы вибрация да өз таасирин тийгизет. Вибрация процесси жандыктарга зыяндуу экендиги көпчүлүккө белгилүү.
Бийик жерлерди, тоолорду, зоокаларды турак кылган топоздорду алалы. Жер титирөө болоор алдында топоздордун кыймыл-аракеттери адаттан сырткары боло баштайт. Алар 2—3 күн мурда эле тооташтын араларынан үйүр тобу менен айылга жакын, төмөнгө түшүп келишет.
Канаттуулар да жер силкинүүнү алдынала туя турган жаныбарлардан. Маселен, жапайы канаттуулар жер титирөөнү башка жакка кетүү менен билдирет.
Жер титирөөнү алдынала сезүү суудагы жандыктарда, маселен балыктарда да кыйла даана байкалат. Балыктар жер титирөө алдында торго, кайырмакка көп илинет же, кээде караманча илинбейт. Балыктардын капталындагы узатасынан жайгашкан тилкелери электрдик рецепторлорго жык толгон. Ошолор аркылуу айлана чөйрөдөгү электр талаасын кабылдай алышат. Ал капталы аркылуу суудагы төмөнкү жыштыктагы термелүүлөрдү да сезе билишет. Мына ушул өңдүү балыктагы сезгичтиктер аркылуу, ал жандыктардын түрлөрү кырсыктын жакындап калганынан кабар бере алышат.
Ырас, булардан башка да физикалык химиялык таасирлер (жер алдындагы суулардын кысылып өйдөлөп же төмөндөп кетиши, радон, гелий, көмүр кычкыл газдарынын көбүрөөк бөлүнүп чыгуулары ж.б.) айбанаттардын тынчын алаары белгилүү. Бирок, кантсе да, күндөлүк турмуштиричиликте ошо жогоруда токтолуп өткөндөй көрүнүштөр көндүмгө айланып, анча назарга илинбей, байкалбай калат. Мына ошондуктан ар бир адам ушундай көрүнүшкө карата өтө байкагыч, зирек болушу зарыл.